Нарында таза суу чыгаруу, оорукана оңдоо боюнча 12 долбоор каржыланды

Быйыл "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна социалдык жана инфратүзүмдүк жалпы 39 долбоор сунушталган. Анын ичинен Байкоочу кеңеш 47 миллион 398 миң сомдук 12 долбоорду колдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik.  Нарында "Теңир Тоо" өнүктүрүү фонду тарабынан социалдык, инфратүзүмдүк 12 долбоор каржыланып, анын күбөлүктөрүн  облус башчысы Алтынбек Эргешов  тапшырганын аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4

Нарында "Теңир Тоо" өнүктүрүү фонду тарабынан социалдык, инфратүзүмдүк 12 долбоор каржыланып, анын күбөлүктөрүн облус башчысы Алтынбек Эргешов тапшырды

2 / 4

Маалым болгондой, быйыл "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна социалдык жана инфратүзүмдүк жалпы 39 долбоор сунушталган

3 / 4

Анын ичинен Байкоочу кеңеш 47 миллион 398 миң сомдук 12 долбоорду колдогон

4 / 4

Мындан сырткары, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы таза суу системасын куруу (7 миллион 143 миң) жана Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы бала бакчанын ичи-сыртын жасоо (10 миллион 385 миң) долбоорлору резервде турары кошумчаланды.

Маалым болгондой, быйыл "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна социалдык жана инфратүзүмдүк жалпы 39 долбоор сунушталган. Анын ичинен Байкоочу кеңеш 47 миллион 398 миң сомдук 12 долбоорду колдогон.
Каржылана турчу 12 долбоор:
Ат-Башы айылындагы Асанкалый Керимбаев атындагы орто мектептин эшик-терезелерин алмаштыруу (1 миллион 215 миң сом);
Ат-Башы айылындагы Акматаалы Карыбек уулу атындагы орто мектептин спорт залынын жылуулук берүү системасын алмаштыруу жана ашканага керектүү жабдууларды алуу (3 миллион 188 миң сом);
Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл аймагына караштуу Ак-Кыя каналынын 3,2 чакырымын тазалоо жана монолит менен канал куюу (5 миллион 447 миң);
Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо (847 миң сом);
Жумгал районунун Кабак айыл аймагына караштуу Кең-Суу айылына электр зым чубалгыларын, электр мамычаларын орнотуу (6 миллион сом);
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүн капиталдык оңдоо (3 миллион 976 миң сом);
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүн капиталдык оңдоо (3 миллион 564 миң сом);
"Таза Нарын" муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу (5 миллион 685 миң сом);
Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиянын мультимедиалык кабинетин жабдуу (1 миллион 160 миң сом);
Нарын шаарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектебинин жылуулук системасын алмаштыруу (974 миң 298 сом);
Нарын облустук медиаборбордун кошумча имаратынын курулушун бүткөрүү (2 миллион 140 миң сом);
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына караштуу "Саясий агартуу” имаратын капиталдык оңдоо (6 миллион 54 миң).
Мындан сырткары, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы таза суу системасын куруу (7 миллион 143 миң) жана Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы бала бакчанын ичи-сыртын жасоо (10 миллион 385 миң) долбоорлору резервде турары кошумчаланды.
БУУ Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюу үчүн 115 млн. долларлык колдоо көрсөтөт