Радио

Дайырбеков: кыргыз кинолорун дүйнөлүк деңгээлде сатууга шарт жок

Кинорежиссер Айбек Дайырбеков кыргыз киносу кайсы багытта кетип жатканын жана аталган тармакта кездешкен көйгөйлөр тууралуу айтып берди.
Sputnik
Кыргыз кинолорун дүйнөлүк деңгээлде сатууга шарт жок. Мындай пикирин Айбек Дайырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө болуп жаткан окуялар чыгармачылык чөйрөгө өз таасирин сөзсүз тийгизет.
"Бардык процесс толкун түрүндө болот. 60-жылдары кыргыз киносу жогорку деңгээлге көтөрүлсө, кийин 90-жылдары кайра төмөндөп кеткен. Азыркы тапта жогору көтөрүлүүдө. Жаңы агымдар, жаңы нуктар кирип жатат. Учурда өлкөдө киносценаристтер көбөйүүдө. Кино тармагына технология дагы эрте келет. Маселен, санариптик камералардын өлкөгө келиши менен элдик тасмаларды тартуу арзан, жеткиликтүү болуп калды. Ошол эле учурда көйгөйлөр дагы арбын. Алсак, союз учурунда кинопродюсерлер такыр эле жок болчу. Азыр деле өлкөдө 10дун тегерегиндеги эле адискөй кинопродюсер бар. Ошондуктан дүйнөлүк деңгээлдеги кинону сатуу көйгөй жаратууда. Бул багытта иштерге алгачкы кадамдар ташталды. Өлкөдө кинокомиссияларды ачуу боюнча президенттин жарлыгында дагы камтылды. Ага ылайык, чет өлкөлүк кинокомпанияларга өлкөдө тасма тартууга шарт түзүлүшү керек. Ошондой эле чет өлкөлөргө алып барып таратууну системалаштыруу зарыл", — деди Дайырбеков.
Ал соңку убактарда анимациялык фильмдерге дагы өзгөчө маани бериле баштаганын кошумчалады.