Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо башталды

Коңшу мамлекеттин учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев да добуш берип, кайрадан шайланып калса программасын ишке ашырууну уланта турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо башталып, өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо участкалары ачылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Ермандын айтымында, өлкө ичинде 10 033, ал эми чет мамлекеттердеги Казакстандын өкүлчүлүктөрүндө 17 шайлоо участогу уюштурулган. Чет жакта дагы 51и убакыт айырмасына карата ачылмакчы.
Коңшу мамлекеттин учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев да добуш берип, эгер шайлоочулар ага добуш берсе, программасын ишке ашырууну уланта турганын белгилеген.
Токаев Казакстандын президентинин ыйгарым укуктарын кыскарткан мыйзамга кол койду