Кыргызстан менен Казакстандагы президенттик шайлоонун 7 айырмасы

Бүгүн казакстандыктар мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жаңы президентин тандап жатышат.
Sputnik
Казак ЖМКлары жарыялаган видео, сүрөттөрдө шайлоочулар көшөгө тартылган кабинада добуш берип, бюллетендерди айнек кутуга салып жатканын көрүүгө болот.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан коңшу өлкө менен Кыргызстандын президенттик шайлоолорунун техникалык жагын карап, салыштырып көрүүнү чечти.

Урна, кабина

Анда кепти дароо эле урнадан баштайлы. Сүрөттө көрүнүп тургандай, казак жарандары дагы деле добуш кагаздарын көбүнчө айнек кутуларга салышат. Ал эми Кыргызстанда автоматтык саноо урналары (АСУ) пайдаланылат. Аны КРде алгачкы жолу 2015-жылы парламенттик шайлоодо колдоно баштаганбыз. Артыкчылыгы — электрондук урна добуштарды автоматтык түрдө өзү эсептеп, добуш берүү аяктаган соң БШКнын борбордук серверине өткөрүп берет. Маалымат берүүнүн эффективдүүлүгү 90 пайыздан ашат. Ошентип БШК добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын шайлоо участоктору жабылары менен эле бере алат. Ал эми кол менен саноонун жыйынтыгын жок дегенде бир нече саат күтүүгө туура келет.
Бирок шайлоонун расмий жыйынтыгы добуштарды кол менен саноодон кийин гана чыгарылат. Мында жыйынтык АСУнукунан анча айырмаланбайт.
Казакстандан айырмаланып, Кыргызстанда добуш берүү кабиналары көшөгө менен тосулган эмес.

Биометрия

Кыргызстанда биометрикалык маалымат бербегендер шайлоочулардын тизмесине кирбейт. Добуш берүү үчүн келген жарандын аппарат аркылуу ким экени аныкталат. Соңку жылдардагы шайлоолордо бармакка мөөр дагы коюлуп жүрдү. Бул бир эле адамдын бир нече жолу добуш берүүсүнө бөгөт коет. Ал эми Казакстанда биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча эми сөз боло баштады.

Жыйынтык чыгаруу

Кыргызстанда шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күнгө чейин, Казакстанда 10 күндүн ичинде чыгарылат.

Бюллетень

Кыргызстанда талапкерлер тизмедеги номерди чүчү кулак аркылуу алышат. Ал эми коңшу өлкөдө талапкерлердин тизмеси алфавиттик катарда бекитилет.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо башталды

Президенттин мөөнөтү

Кыргызстанда президент беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык иштей албайт. Казакстанда дагы эреже дал ушундай болчу. Бирок ушул жайда парламент ага өзгөртүүлөрдү киригизип, эмки президент бир гана жолу, жети жылга шайланмай болгон.
"Эгер Токаев утуп кала турган болсо, ал жаңы мыйзам менен жети жыл иштейт", — деп айткан өлкөнүн юстиция министринин орун басары Алма Муканова.

Алгачкы жолу — "баарына каршы"

Казакстанда бул жолку шайлоодо бюллетенге биринчи жолу "баарына каршы" графасы киргизилди. Ал шайлоо кагазынан 2004-жылы алып салынган эле. Жергиликтүү ЖМКлардын БШКнын маалыматына таянып жазганына караганда, "бул графа шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда анча роль ойнобойт, анткен менен шайлоочулардын укугун кеңейтүүгө жардам берет". Ал эми Кыргызстанда бул графаны салмаксыз деп айта албайбыз. Мисалы, соңку парламенттик шайлоодо Бишкектин бир эмес эки округунда шайлоочулардын басымдуу бөлүгү эч кимди шайлабай койгон. Андан кийин Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайрадан добуш берүү өткөрүлгөн.

Кол топтоо

Кыргызстанда талапкерликке өзүн сунушташ үчүн бир киши 30 миң адамдын колун топтошу керек. Ал эми Казакстанда талапкер болгусу келген адам кеминде 118 миң жарандын колдоосуна ээ болуш керек. Эки өлкөдө тең талапкерлердин санына чектөө жок. Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо бюллетенге 18 кишинин аты-жөнү киргизилсе, Казакстанда алты адам өлкө башчылыгына ат салышып жатат.
Токаев Казакстандын президентинин ыйгарым укуктарын кыскарткан мыйзамга кол койду