БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Катардын эмири шейх Тамим бен Хамада Аль Тани футбол боюнча дүйнө чемпионатын ачык деп жарыялады.
Ачылыш аземи Эль-Хаур шаарындагы "Эль-Байт" стадионунда өттү. Алгачкы болуп Катардын эмири сүйлөдү, салтанатка актер Морган Фримен, BTS группасынын K-pop солисти Чон Джонгук жана катардык ырчы Фахад Аль-Кубаиси катышып, Dreamers ("Кыялкечтер") чыгармасын аткарышты.
Дүйнө чемпионаты — акыркы жылдардагы көпчүлүк самап күткөн ири спорттук окуя.
Катарда өтчү мундиалдын бир нече өзгөчөлүгү бар:
бул — тарыхтагы эң кымбат чемпионат. ЖМКлардын маалыматы боюнча, ага 208 миллиард доллар жумшалды;
турнир биринчи жолу Жакынкы Чыгышта, араб мамлекетинде өтүп жатат;
биринчи жолу футбол майрамы салкынга туш келди. Жайында Катарда катуу ысык болот;
бул — 32 команда катышкан акыркы биринчилик, кийинки чемпионатта 48 команда күч сынашат.
Биринчи оюнга Катар менен Эквадордун командалары чыгат. Беттештерди эксклюзивдүү укукка ээ болгон УТРК түз алып көрсөтөт.