Радио

Карыяев: экинчи ирет дүйнө чемпиону болууга аракет жасайм

Эл аралык даражадагы спорттун чебери, күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпиону Дайырбек Карыяев самбо боюнча дүйнө биринчилигинин Кыргызстанда өтүшү кыргыз спортчулары үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болгонун айтты.
Sputnik
Күжүрмөн самбо боюнча экинчи ирет дүйнө чемпиону болууга аракет жасайм. Бул тууралуу Дайырбек Карыяев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2018-жылы Румынияда жана 2020-жылы Сербияда күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында эки жолу финалда утулуп, күмүш медаль алган. Быйыл Бишкекте өткөн дүйнө чемпионатында алтын алып, жеңүүчү болгон.
"Кыргызстандык самбочулардын дүйнөлүк аренадагы орду жогору. Биздин мектептин спортчулары эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга илинип, татыктуу атаандаштык көрсөтө баштады. Дүйнө чемпионаты быйыл Бишкекте өтүп, өз күйөрмандарыбыздын жанында килемге чыгып, өлкө намысын талаштык. Карьерамда биринчи жолу дүйнө чемпиону наамын алып, кыялымды орундата алдым. Белгилүү болгондой, ар бир жеңиштин артында талыкпаган мээнет, эмгек, жарааттар турары ачык. Ага карабастан баштаган ишти аягына чыгарып, өлкө гимнин эң жогорку мелдеште жаңыртууга жетиштим. Буга чейин 2018-жылы Румынияда жана 2020-жылы Сербияда күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында эки жолу финалда утулуп, күмүш медаль алгам. Эми кайрадан кийинки биринчиликте экинчи ирет дүйнө чемпиону болууга аракет жасайм", — деди Карыяев.
Ошондой эле адис самбо боюнча улуттук курама команда үчүн атайын машыгуу залы курулуп шарттар түзүлсө, дагы ийгиликтер болорун кошумчалады.