Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Украинага жардам көрсөтүүгө каршы болгондор көбөйө баштаганы айтылды

Партия мүчөлөрү буга чейин Байдендин Киевге көрсөткөн финансылык жардамын бир нече ирет сындашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. АКШда Республикачылар партиясы арасында Киевге аскердик жардам көрсөтүүгө каршы болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу Американын мурдагы президенти Жорж Буштун атайын жардамчысы Майкл Аллендин айтымына таянып Politico басылмасы жазды.
"Учурда республикачылардын 48 пайызы Америка Украина үчүн ого эле көп нерсе жасап жатат деп эсептейт. Белгилей кетсек, мартта булардын саны болгону алтоо эле", — деген Аллен.
Анын айтымында, аталган партиянын өкүлдөрүнүн көбү Киевге жардам көрсөтүүгө каршы добуш берип, айрымдары аны убадалашууда.
"Кокус жакын арада АКШда экономикалык өсүү темпи басаңдаса, анда Украинага каражат бөлүүгө каршы добуш берүүнү каалагандардын саны мындан да өсөт", — деген ал.
Республикачылар партиясынын мүчөлөрү буга чейин Байдендин Киевге көрсөткөн финансылык жардамын бир нече ирет сындашкан. Алар эгер шайлоодо жеңишке жете турган болсо, буга катуу көзөмөл кыларын убадалашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ жарандары Украинага курал жөнөтүлүп жатканына нааразы болууда