БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Окумуштуулар спорттун кайсы түрү өмүрдү узартууга көмөкчү болорун аныктады. Бул тууралуу Live Science порталы жазды.
Финляндиядагы UKK институтунун жана Австралиядагы Сидней университетинин адистери 80 адамга сурамжылоо жүргүзгөн. Байкоонун башында суроого жооп бергендердин орточо курагы 52 жашты түзгөн. Адистер алардын жашоосуна беш жыл бою көз салып турушкан. Изилдөө учурунда 8 790 адам көз жумган.
Мындан улам окумуштуулар сууда сүзүү, аэробика, велосипед тебүү, регби, футбол, чуркоо жана теннис менен алектенгендердин (изилдөөгө катышкандар - ред.) башкаларга караганда эрте каза болуу ыктымалдыгы аз экенин аныкташкан. Себеби изилдөөгө дал ушул спорттун түрүнө жакын адамдар да алынган.