Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия эл аралык уюмдардан туткундарды өлтүргөндөрдү айыпка тартууну талап кылды

Россиянын Тышкы иштер министрлиги орус аскерлерине жана жөнөкөй жарандарына карата Украинанын мыкаачылыгы Батыштын көз жаздымында калып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги эл аралык уюмдардан Украинанын куралдуу күчтөрүнүн туткундагы аскерлерин атып өлтүргөнү боюнча айыпка тартып жана дыкат иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жарыяланган.
Анда ТИМ Украина тараптын туткунга түшкөн орус аскерлерине карата мыкаачылыгына эл аралык уюмдарды көңүл бурдурууга бир нече жолу аракет кылышкандыгы жазылган.
"Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан байма-бай таратылып жаткан видеолордо алардын аскерлерди өлтүрүп, кыйнап, сабап, шылдыңдап жана башка каардуу мамилелерди жасаганы көрүнөт. Украиналык неонацисттер өздөрүнүн "эрдиктерин" уялбай эле коомго отчёт катары көрсөтүүдө. Буттары байланган аскерлерди аткандарын, өлүктөрдү шылдыңга алгандарын, куралсыз аскерлерди да, жөнөкөй жарандарды да атканын көрүп жүрөк муздайт", — деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Анда белгиленгендей, ушундай мыкаачылык менен жасалган көптөгөн кылмыштар Киевди активдүү колдоого алып жаткан "биргелешкен Батыш" тараптын көз жаздымында калып жатат.
"Эл аралык уюмдардан бул үрөй учурган кылмыш үчүн айыптап, аны тыкыр иликтөөнү талап кылабыз. Украинанын куралдуу күчтөрү жасаган ар бир мыкаачылык жазасыз калбайт. Бардык кылмышкерлер жана анын катышуучулары аныкталып, ага ылайыктуу жазасын алат. Эч ким жазадан кутулуп кете албайт", — дейт министрлик.
Эске салсак, 18-ноябрда дагы туткунга түшкөн орус аскерлерин Украинанын куралдуу күчтөрү башка атып өлтүргөн видео интернетке тараган болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Коргоо министри: Украинада Россиянын туткундагы аскерлерин башка атып өлтүрүштү