Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын аскерлери Донецкинин борборундагы мектепти аткылашты

Шаар мэри алар артиллериялык курал менен сокку урганын кабарлаган.
Sputnik
Донецкинин борборундагы №13 мектепти украиналык аскерлер түн ичинде артиллерия менен аткылаган. Бул тууралуу видеону РИА Новости Telegram-каналына жарыялады.
Маалыматка караганда, Украинанын аскерлери мектептин беш жерин бутага алган. Снаряддар имараттын терезе, айнектерин талкалаган. Аткылоо коменданттык саат учурунда жасалгандыктан кол салуудан каза тапкандар жана жабыркагандар болгон жок.
Донецкинин мэри Алексей Кулемин Телеграм-каналына өткөн түнү Украинанын куралдуу күчтөрү шаардын борбордук райондоруна 155 миллиметр калибрлүү он снаряд таштаганын маалымдады. Мындан тышкары, шаар башчысы Ленин районундагы кечээги аткылоонун кесепетинен "Лаконд" кондитердик фабрикасынын инфраструктурасы талкаланганын кошумчалады. Газ өткөргүчтөр, тосмолор бузулуп, өндүрүш токтотулган.
ДЭР акыйкатчысынын маалыматы боюнча, Киев режиминин Донбасстын жашоочуларына карата куралдуу агрессиясынан сегиз жыл ичинде 8,7 миң карапайым эл каза болгон, анын ичинен 130у балдар.
155 миллиметр калибрдеги артиллерия НАТОнун куралдуу түзмөгүндө турат. Тактап айтканда, бул америкалык M777 гаубицалары, Германиянын PzH 2000 өзү жүрүүчү артиллериялык жабдуусу, польшалык САУ Krab. АКШ жана анын союздаштары Киевге мындай куралды көп санда алып келген, Украинанын куралдуу күчтөрү аларды Донбасстагы шаар жана кыштактарды атууга колдонуп жатат.
По теме:
Донецкинин жанынан америкалык ракетанын кыймылдаткычы табылды. Видео