Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев Польшага түшкөн ракета Украинага таандык болушу мүмкүндүгүн моюндады

Командачылыктын өкүлү салгылашуунун кесепетинен көп нерсе болуп кетиши ыктымалдуулугун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Польшага Украин куралдуу күчтөрүнүн снаряддарынын чачырандысы түшүшү мүмкүн. Муну украин аба күчтөрүнүн командачылыгынын өкүлү Юрий Игнат Washington Post гезитине берген маегинде моюндады.
"Россиянын украин инфраструктураларына жасаган чабуулу маалында Россия тараптан да, Украинадан көп ракеталар учурулган. Польшага түшкөн ракетанын чачырандысы россиялык жана украиналык да болушу мүмкүн. Салгылашуунун кесепетинен көп нерсе болуп кетиши ыктымал. Бул окуяны Варшаванын өкүлдөрү менен биргеликте иликтөө зарыл", — деп айткан Игнат.
Эске салсак, 15-ноябрь күнү кечинде Польша ЖМКлары Украина менен чектешкен аймагына, тагыраагы, Пшеводув районуна эки ракета кулаганын билдирип, эки адам каза болгонун маалымдаган.
Associated Press басылмасы жазгандай, булар россиялык ракетаны атып түшүрүү үчүн учурулган Украина армиясынын ракеталары болгон.
Польшанын Тышкы иштер министрлиги окуя болору менен ракеталар Россияда чыгарылганын маалымдаса, президенти Анджей Дуда бул ракеталар кимге таандык экендиги тууралуу так маалымат жок экенин айткан. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Анджей Дуда менен сүйлөшүп, бардык фактыларды аныктоо керектигин билдирген.
Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Украина — Польша чек арасына жакын жерге ракета менен сокку урулбаганын билдирип, интернетте тарап жаткан ракета калдыктарынын сүрөттөрү Россияга тиешеси жок экенин белгилеген.
Ал эми АКШ президенти Жозеф Байден алдын ала алынган маалыматтар ракеталар Россиядан учурулган деген версияны четке кагарын айтып, шашылыш жыйынтык чыгарбай турууга чакырган.
Байден Зеленскийдин Польшадагы ракета чатагы боюнча айтканына ишенген жок