БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Нарын облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, апта ичинде дыйканчылык аймактарда жана шаарда -11 градуска чейин суук болот.
20-23-ноябрда айрым жерлерге кар жаашы күтүлөт. Ал эми 24-ноябрда күн ачылып, аба ырайы 26-ноябрга чейин бузулбайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.