Москвада кыргыз ишкерлеринин "Караван экспо" көргөзмөсү өтүүдө

Иш-чарага Кыргызстандан кыркка жакын компания катышууда, алар негизинен тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн "Караван экспо" көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, көргөзмө үч күнгө созулуп, Россиянын борбор шаарындагы өкмөт үйүнүн имаратында өтүүдө. Ага Кыргызстандан кыркка жакын компания катышууда, алар негизинен тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү.
"Иш-чара Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан "Экспо девелопмент" компаниясы, "Табарман" бизнес платформасы, Кыргыз конгресси, КРдин соода-өнөр жай палатасынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен уюштурулууда", — деди элчиликтен.
Анда белгиленгендей, "Караван экспо" көргөзмөсүнүн ачылышына Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гулнара-Клара Самат катышып, Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеген. элчи быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 35 пайызга өскөндүгүн айткан.
Көргөзмөнүн ачылышына ЕЭК министри Арзыбек Кожошев, Кыргызстандын КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова, Кыргыз стан жана Россиянын ишкерлер чөйрөсүнүн, Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышкан.
Бишкекте эл аралык деңгээлдеги мода көргөзмөсү өтөт