Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган Санжар Сапарбеков 14 жылга кесилди

Сапарбеков өткөн жылдын 26-ноябрында кармалып, №1 тергөө абагында отурган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Кылмышка айыпталган Санжар Сапарбеков 14 жылга эркинен ажыратылып, жалпы колония режиминде жаза мөөнөтүн өтөрү айтылды.
Сапарбеков өткөн жылдын 26-ноябрында кармалып, №1 тергөө абагында отурган.
Эске салсак, 2009-жылдын 13-мартында Медет Садыркулов, Эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдун сөөктөрү жана күйгөн Lexus автоунаасы Аламүдүн капчыгайындагы автожолдон табылган. Ал кезде расмий версия катары алардын машинасы Audi-100 менен кагышып анан күйүп кеткени айтылган.
Экинчи автоунаанын айдоочусу Өмүрбек Осмонов аман калып соттолгон. Бирок ал 2010-жылдын 21-апрелинде бычакталып көз жумган.
Апрель окуясынан кийин иш кайра жанданган. Сотто кылмыштуу ишке мурдагы президенттин агасы Жаныш Бакиев буюртма бергени жана Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү Садыркуловду өлтүргөнүн карап турганы айтылган. Күнөөлүү делген жан сакчылар жана Чек ара кызматында иштегендер ар кандай мөөнөткө кесилген.
Уулумду аткан милиционердин ата-энеси шылдыңдады. Акыйкат издеген эненин видеосу