Жыл башынан бери өлкөдө 476 миң адам чакан насыя алды. Аны эмнеге жумшаган?

Тогуз ай аралыгында 28,5 миллиард сом чакан насыя берилсе, анын 47 пайызы керектөөчүлүк максатта алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын тогуз ай аралыгында чакан насыя берүүчү компаниялардан эл 28,5 миллиард сом алган. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитети билдирди.
Жыл башынан тартып сентябрдын аягына чейин өлкөнүн аймагында 476 миң адам чакан насыя алган. Бул сан өткөн жылдын тогуз айына караганда 2,9 пайызга аз. Бирок берилген насыянын көлөмү төрт пайызга көп.
"2022-жылдын тогуз айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 47 пайыздан ашыгы керектөө муктаждыктарына, 24 пайызга жакыны айыл чарбасын өнүктүрүүгө, 11 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 7 пайызы курулушка жумшалган", — деп айтылат маалыматта.
Статком насыяларды белгиленген мөөнөттө кайтаруу деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 1,7 пайызга көбөйүп, 92,9 пайыз болгонун кошумчалады.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек ара чырында жабыркаган ишкерлердин 19 млн. сомдук кредити жоюлду