БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. 2022-жылдын тогуз айында камсыздандыруу компаниялары тарабынан 190 миңге жакын келишим түзүлгөн. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,6 пайызга көп экенин Статистика боюнча комитеттин сайтына жарыяланды.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республикада 14 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзгөн.
Алардын кирешелери 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсеге өсүп, каражат жагынан 1,8 миллиард сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 81,5 пайызы) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.
"Ыктыярдуу жана туризм жеке камсыздандыруулар баарынан көп болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми зыяндын ордун толтурууга жумшалган каражаттын 56 пайызы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келген.