Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ Россиянын туткунда өлтүрүлгөн аскерлери боюнча билдирүүнү иликтөөгө чакырды

Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын куралдуу күчтөрү туткунга түшкөн он орус аскерин атайлап өлтүрүшкөнүн маалымдаган. Анда Укриана мындай кылмышты дайыма жасап жаткандыгы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. БУУ Россиянын туткундагы аскерлеринин өлтүрүлүшү боюнча бардык билдирүүлөрүн иликтеп чыгууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун өкулүнүн орун басары Фархан Хактын айтканына таянып РИА Новости жазды.
"Биз жаңжалдашып жаткан тараптарды бардык билдирүүлөрдү, адам укуктарынын бузулушун тыкыр иликтеп чыгууга жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырдык", — деген Хак.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын куралдуу күчтөрү туткунга түшкөн он орус аскерин атайлап өлтүрүшкөнүн маалымдаган. Ал билдирүүдө бул Украина кылып жаткан биринчи аскердик кылмыш эмес экендиги, Киевдин аскерлери мындай жорукту дайыма жасап келгендиги белгиленген.
Украинанын куралдуу күчтөрү туткунга түшкөн россиялык аскерлерди аткылап жаткан видео кечээ интернет тармагына тараган. Президенттин алдындагы Жарандык коом жана адам укугу боюнча өнүгүү советинин төрагасы Валерий Фадеевдин маалыматы боюнча, окуя Макеевка шаарында болгон.
Ал бул окуяны оор кылмыш деп атап, эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кыларын айткан. Фадеев бул видеону БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарына, ЕККУга, Европа Кеңешине, Amnesty International жана Кызыл Чырым эл аралык комитетине, дагы башка уюмдарга жөнөтө тургандыгын маалымдаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия эл аралык уюмдардан туткундарды өлтүргөндөрдү айыпка тартууну талап кылды