Мэрдин кубогу. Бишкекте спорттун бир нече түрү боюнча мелдеш өтөт

Спорттук иш-чарага катышууга 25тен ашык команда арыз берген. Таймаштар бир айга чукул убакыт болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин кубогуна карата түзүмдүк бөлүм, райондук администрация жана Бишкек шаардык кеңештин арасында спорттук мелдештер өтөрүн мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Мэрия кызматкерлеринен тарта шаардык кеңештин депутаттарына чейин кичи футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш боюнча беттешет. Ага катышууга 25тен ашык команда арыз берген", — деп жазылат кабарда.
Спорттук иш-чаралар 19-ноябрда башталып, 11-декабрга чейин созулмакчы.
График:
Кичи футбол боюнча алдын ала оюндар 19-ноябрда Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болот;
Волейбол боюнча алдын ала оюндар 20-декабрда №62 мектеп гимназиянын спорт залында башталат;
Спорттун калган түрлөрү боюнча мелдештер 3-декабрда башталат.
Самбо боюнча дүйнө чемпионатында КР спортчулары жалпы 6 медаль алды. Сүрөт