Жапаров медициналык мекемелерге акысыз кызматтардын тизмесин жазууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, мамлекеттик бюджеттен саламаттыкты сактоо тармагына 37 миллиард сом бөлүнөт, бирок жарандар ал каражат кайда жумшала тургандыгын түшүнбөй жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо министрине өлкөдөгү бардык медициналык мекемелердин кире беришине акысыз көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин жазып, илүүнү тапшырды. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлагандай, мындай тапшырманы Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында берген.
"Ар бир медициналык мекеменин кире беришинде кайсы кызматтар акысыз көрсөтүлөөрү, ал эми кайсыларга акы төлөнүшү керектиги так жазылсын. Мамлекет саламаттыкты сактоо тармагына 37 миллиард сом каражат бөлөт, бирок жарандар бюджеттин бул каражаты кайда жумшаларын толук түшүнбөй жатышат", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
Жапаров кыргызстандыктар кепилденген акысыз медициналык кызматтар жөнүндө так, жеткиликтүү маалыматка ээ болушу керектигин белгилеген.
Саламаттыкты сактоо тармагынын 2023-жылдагы жалпы бюджети 37,2 млрд. сомду түзөт