Жалал-Абад: күчтүү дарыларды рецепти жок саткан дарыканалар аныкталды

Дарыкана сатуучулары жоопкерчиликке тартылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя.— Sputnik. Жалал-Абадда күчтүү дары-дармектерди рецепти жок саткан дарыканалар тармагы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Жалал-Абадда күчтүү дары-дармектерди рецепти жок саткан дарыканалар тармагы аныкталды

2 / 2

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин түштүк филиалындагы өкүлдөрү менен биргеликте Жалал-Абаддагы дарыканаларга рейд жүргүзгөн

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин түштүк филиалындагы өкүлдөрү менен биргеликте Жалал-Абаддагы дарыканаларга рейд жүргүзгөн.
"Анда дарыканалар жарандарга күчтүү дарыларды медиктин рецепти жок сатып жүргөнү тастыкталган. Мындан тышкары, ыкчам кызматкерлер баңги, психотроптук заттардын компоненттери бар бардык дары-дармектерди алышкан. Дарыкана пунктуларынын сатуучулары жоопкерчиликке тартылды", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ мындай рейддер көп өткөрүлүп турарын эскертти.
Пресс-борбор
Калп аныктагыч, реестр. Мамкызматкерлерди коррупциядан тазалоо жолдору сунушталды