Саламаттыкты сактоо тармагынын 2023-жылдагы жалпы бюджети 37,2 млрд. сомду түзөт

Өкмөт башчы жеке саламаттыкты сактоо секторун жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кийинки жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 37,2 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал эми быйыл аталган тармактын казынасы 34 миллиард сомду түзгөнүн, 2010-жылы болгону 5 миллиард сом болгонун белгиледи.
Өкмөт башчы 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Дени сак адам — өнүккөн өлкө" долбоорун ишке ашыруу боюнча саммитке катышкан.
"Жүргүзүлгөн реформалардын арты менен саламаттыкты сактоо тармагында бир катар алгылыктуу жыйынтыктар болду. Мисалы, калктын медициналык жардамга жана финансылык ресурстарга болгон муктаждыктарын канааттандырган саламаттыкты сактоонун модели түзүлдү. Эмгек акыны жогорулатуу менен ата мекендик адистердин медицинага келишине шарттар түзүлдү. Дары-дармектерге байкоо жүргүзүү системасы киргизилип, башкаруу децентралдаштырып, финансылык өз алдынчалыгы киргизилүүдө. Ал эми калктын социалдык жактан аяр жана жакыр категорияларына медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү өтө маанилүү маселе бойдон калууда", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал жеке саламаттыкты сактоо секторун жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгын белгилеген.
Ооруканада, дары алганда жеңилдик болот. Касымбеков полистин артыкчылыгын айтты