Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ Россиянын туткундагы өлтүрүлгөн аскерлери тартылган видеону иликтейт

Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын куралдуу күчтөрү Россиянын туткунга түшкөн 10 аскерин атайылап өлтүргөнүн маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгы Россиянын өлтүрүлгөн туткун аскерлери тартылган видеону иликтейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине уюмдун маалымат катчысы Элизабет Тросселл билдирген.
"Кесиптештерим менен байланыштым, бул видео боюнча алар кабардар экендигин, иликтей тургандыктарын айтышты", — деген Троссел.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын куралдуу күчтөрү Россиянын туткунга түшкөн 10 аскерин атайылап өлтүргөнүн маалымдаган.
Украинанын куралдуу күчтөрү туткунга түшкөн россиялык аскерлерди аткылап жаткан видео бүгүн интернет тармагына тарады. Президенттин алдындагы Жарандык коом жана адам укугу боюнча өнүгүү советинин төрагасы Валерий Фадеевдин маалыматы боюнча, окуя Макеевка шаарында болгон.
Ал аталган окуяны оор кылмыш деп атап, эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кыларын айткан. Фадеев бул видеону БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарына, ЕККУга, Европа Советине, Amnesty International жана Кызыл Крест эл аралык комитетине, дагы башка уюмдарга жөнөтө тургандыгын маалымдаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Коргоо министри: Украинада Россиянын туткундагы аскерлерин башка атып өлтүрүштү