Радио

Кыйыкбаева: Бишкекте "Абдумомунов жумалыгы" өтүп жатат

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы, КРдин эмгек сиңирген артисти Айсалкын Кыйыкбаева театрда 15-ноябрдан тарта драматург, жазуучу Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата "Абдымомунов жумалыгы" өтүп жатканын айтты.
Sputnik
"Абдумомунов жумалыгынын" алкагында аталган театрда кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири Токтоболот Абдумомунов сахналаштырган "Абийир кечирбейт" жана "Карагул ботом" спектаклдери коюлуп жатат. Бул тууралуу Айсалкын Кыйыкбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Карагул ботом" спектаклин көргөндөн соң эт жегиси келбей калган көрүүчүлөр да болгон.
"Аталган жумалыктын алкагында Токтоболот (ред. Абдумомунов) агайдын "Карагул ботом" жана "Абийир кечирбейт" чыгармаларын коюп жатабыз. 15-ноябрда башталган жумалык бир аптада жыйынтыкталса да, агайдын чыгармаларын мартка чейин элге тартуулай бермекчибиз. Токтоболот Абдумомунов жазып кеткен драмалардын ар бири өтө маанилүү чыгармалар. Мисалы, "Карагул ботом" спектаклинен кийин эт жегиси келбей калган да көрүүчүлөр болду. Чыгарманын негизинде адам менен жаратылыштын ортосунда гармония жоктугу өтө кылдаттык менен терең мааниде чагылдырылып берилген", — деди актриса.
Ал 2022-жылы ТҮРКСОЙ уюму да Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгын белгилеп жатканын кошумчалады.