Жалал-Абадда адам өлтүргөнгө шектүү Москвадан кармалды

Подводка: Буга чейин Жалал-Абад шаарынын курорттук аймагында 2002-жылы туулган жарандын сөөгү табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен адам өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөн жаран Москвада кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Анда белгиленгендей, кармалган жаран мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
"Ушул жылдын 16-ноябрында кыргызстандык 21 жаштагы А. уулу М. кармалды. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну, адам өлтүргөн деп шектелүүдө. Шектүүнү издөө иштеринде ыкчам маалыматтарды берүү менен Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери көмөк көрсөтүштү", — деп жазылат маалыматта.
Укук коргоо органдарынан маалымдагандай, буга чейин Жалал-Абад шаарынын курорттук аймагында 2002-жылы туулган жарандын сөөгү табылган. Анда кыйнап өлтүрүлгөн белгилер болгон. Бул кылмыш иши 13-июнга караган түнү жасалып, шектүүлөр окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.
"Милиция кызматкерлери аталган кылмышка катыштыгы бар делген эки жаранды буга чейин кармашкан", — деди ИИМден.
Анда белгиленгендей, кылмышка катышкан шектүүлөрдүн бир нечеси башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Урушкан туугандарды арачалаган киши бычак жеп каза болду. Чүйдөгү окуя