БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Америка Кошмо Шататтары НАТОну "мээси иштебеген зомбиге" айландырды деп жазды Кытайдын China Daily басылмасы.
Макалада кансыз согуштан кийин учур талабына жараша негизделген Түндүк атланитикалык келишим уюмунун ишмердүүлүгү эбак эле токтомок экени, бирок АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы аны оңду-солду пайдалануусун улантып келери айтылган.
"Ак үй альянсты мээси өлүк кан ичкич зомбиге айландырды, кансыз согуш уланууда деген виртуалдык реалдуулукка ишенгендиктен аны башкаруу өтө оңой", — деп жазган автор.
Буга катар Украинадагы жаңжалга НАТОнун Чыгышты карай кеңейиши себеп болгону, анткени альянс Россиянын кооптонуусун көз жаздымда калтыра бергени да айтылган.
"Зомби" ушу тапта алдына дагы бир максат койду: Европадагы башаламандыкка канааттанбаган альянстын мүчөлөрү эми көңүлүн Түштүк-Чыгыш Азияга бурууда. "Некромант" менен "зомби" аталган АКШ жана НАТО дүйнөнү хаоско кептеп, жалган ураан алдында улам бир жерде согуш отун тутантууда", — деп жыйынтыкталган макала.
Россия НАТО саясий конфронтацияга багыт алганын, бирок анын кеңейиши Европанын коопсуздугуна жардам болбой турганын бир нече ирет айткан.
Буга чейин РФ коргоо министри Сергей Шойгу НАТОнун Россиянын чек арасына жакын жайгашкан көп улуттуу аскер күчтөрү февралдан бери 2,5 эсеге көбөйүп, 30 миң кишиге жеткенин билдирген. Анын айтымында, бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн.