Билим берүү программасына катышат. Караколдук окуучулар Россияда үч ай болот

Балдар тобу менен бир нече предметтерди окута турган педагогдор кошо келген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулардан турган топ "Интердом" деп аталган Стасова (Иваново) атындагы эл аралык билим берүү борборуна билим боюнча программага катышуу үчүн келишти. Бул маалыматты Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен таратты.
1 / 3

Кыргызстандык окуучулардан турган топ "Интердом" деп аталган Стасова (Иваново) атындагы эл аралык билим берүү борборуна билим боюнча программага катышуу үчүн келишти

2 / 3

Каракол шаарынан келген балдар үч ай ичинде орус тили боюнча билимин арттырып, орус маданияты, салттары менен жакындан таанышат

3 / 3

Алар үчүн маданий-агартуу программасы даярдалган.

Каракол шаарынан келген балдар үч ай ичинде орус тили боюнча билимин арттырып, орус маданияты, салттары менен жакындан таанышат. Алар үчүн маданий-агартуу программасы даярдалган.
"Балдардын тобу менен бирге кыргыз тили, адабиятынан, математикадан сабак берүү үчүн жана алардын жаңы шарттарга көнүшүнө жардам кылуу максатында педагогдор да келишти", — деп айтылган маалыматта.
"Интердом" борборунан мектеп арасында тажрыйба алмашуу программасынан билим алуу үчүн 13-14 жаш курагындагы 14 окуучу келгенин айтып беришти. Балдар билим алуу менен кошо эс алууну айкалыштырып, Россиядагы бир нече шаарларды кыдырып, ал калаалар менен жакындан таанышмакчы.
КРСУнун мектебине Россиядан 6 миң окуу китеби алып келинди