БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык адис Павел Лузанов Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында матч директор болуп дайындалды. Бул туурасында өлкөнүн Футбол союзу билдирди.
Маалыматка караганда, ал "Ахмад бин Али" стадионун тескейт. Аталган көп функционалдуу арена Эр-Райян шаарында жайгашып, 45 350 көрүүчүгө ылайыкталган. Бул стадиондо чемпионаттын тайпалык этабында АКШ — Уэльс, Бельгия — Канада, Уэльс — Иран, Япония — Коста-Рика, Уэльс — Англия, Бельгия — Хорватия беттештери жана 1/8 финалдык оюну өтөт.
Павел Лузанов — Азия футбол конфедерациясынын (АФК) стратегия жана профессионалдык футбол боюнча башкармалыгынын директорунун орун басары. Андан тышкары, ФИФА жана АФК рейтингинде өткөн көптөгөн континенталдык биринчиликтерде зор тажрыйба топтогон. Кыргыз футбол союзунда көп жыл эмгектенген.
Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 20-ноябрдан 18-декабрга чейин созулат. Анда 32 өлкө намыс талашып, оюндар сегиз футболдук аренада өтөт.