БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын бир катар банктарындагы "Мир" карталарын тейлөөдө жаралган көйгөй убактылуу жана техникалык мүнөзгө ээ. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат РИА Новости агенттигине билдирди.
Анын айтымында, тараптар маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
"Банктардын бардык аракеттери биринчи кезекте коммерциялык маселеге барып такалат. Мунун саясатка тиешеси жок, бул техникалык көйгөй. Бизде эле эмес, мындай көрүнүш Россияда жана башка мамлекеттерде дагы катталууда. Ал дүйнөнүн баарын олку-солку кылат. Мындай процесстер болуп турат, андыктан баары убактылуу, каржылык сегментти жетектөөчү адамдар кандайдыр бир жолун табат деп ойлойм", — деди элчи.
Саматтын пикиринде, ишкердик чөйрөсү техникалык деңгээлдеги жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүп жатат, себеби бул бизнес, алар каржы булагы айланып турушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү издешет.
Буга чейин Кыргызстандагы банктардын жарымы россиялык "Мир" карталарын тейлөөнү токтоткон. Бул санкциялардын экинчи агымынан кооптонуудан улам болушу мүмкүндүгү айтылган.
Россиялык төлөм картасын 11 банк кабыл албай калды:
1.
"Азия банкы";2.
"Компаньон" (санкцияга түшкөн 21 россиялык банк жөнүндө кеп болуп жатат);3.
"Доскредобанк";4.
"Бакай банк";5.
"Кыргызстан" ( 21 россиялык банк жөнүндө кеп болуп жатат);6.
"Демир банк" (санкцияга түшкөн банктардын карталарын тейлебейт);7.
"Айыл банк" (мамлекеттик банк);8.
KICB;9.
"Капитал банк".10.
"Бай-Түшүм";11.
"Оптима банк".Өлкөдө жалпысынан 22 коммерциялык банк иштейт.
РИА Новости АКШнын Финансы министрлигинин "Мир" төлөм системасы менен иштегендерге санкция киргизүү тууралуу билдирүүсүнөн кийин россиялык картаны колдонуу көпчүлүк өлкөлөрдө көйгөй жарата баштаганын ырастады. Анын арасында Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан бар.