Радио

Бакирова: пайдалуу курт-кумурскаларды өндүрүүчү биолаборатория ачылат

"Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун органикалык айыл чарбаны жана агробиотехнологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жанаркан Бакирова совет учурунда Кыргызстанда 70тен ашык биолаборатория, биофабрикалар болгондугун айтты.
Sputnik
Айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо үчүн пайдалуу курт-кумурскаларды өндүрүүчү биолаборатория ачылат. Бул тууралуу Жанаркан Бакирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айыл чарбасындагы пайдалуу курт-кумурскаларды колдонуу тажрыйбасы совет мезгилинде абдан ийгиликтүү колдонулуп, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин көңүл бурулбай, агрохимикаттар көп ташылып келе баштады.
"Айыл чарбасындагы пайдалуу курт-кумурскаларды колдонуу тажрыйбасы совет мезгилинде абдан ийгиликтүү колдонулган. Тилекке каршы, өлкө эгемендүүлүктү алгандан кийинки 30 жылда көңүл бурулбай калды. Ал эми 90-жылдарга чейин Кыргызстандын аймагында 70тен ашык биолаборатория, биофабрикалар түзүлүп, чарбалар аралык, райондук, облустук деңгээлде иш алып барган. Мисалы, республиканын түштүгүндө убагында пахта көп өстүрүлүп, аны жеген зыянкеч курттар пайда болгон. Адистер ага каршы күрөшүүдө агротехникалык, агрохимиялык жол менен кетире албай, акырында ал курттун табигый душманы трихограмма менен браконду пайдаланып көйгөй чечилген. Учурда бул маселе абдан маанилүү болгондуктан тиешелүү чаралар көрүлүшү зарыл. Ага байланыштуу жакында айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо үчүн пайдалуу курт-кумурскаларды өндүрүүчү биолаборатория ачылат",— деди Бакирова.
Ошондой эле адис учурда Органикалык айыл чарба департаментинин өлкө аймагында жети филиалы иштегени менен фермерлерди пайдалуу курт-кумурскалар менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок экендигин кошумчалады.