Пресс-борбор

Кайсы валюта менен акча сактаган оң? Эксперттин пикири

Адис алтын куймаларына инвестиция кылууга кеңеш бербейт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Акча чогултуп жаткандар улуттук валютада сактаган дурус болот. Мындай кеңешин Мамлекеттер аралык банктын вице-президенти Игорь Чумаковский айтты.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн Ереван — Минск — Бишкек видео көпүрөсүнө катышты. Чумаковский ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода алакасында улуттук валютанын кулачы жайылып жатканын белгиледи. Бул рыноктогулар дал ушул улуттук валюта менен эсептешүүнү коопсуз жана ыңгайлуу деп эсептеп жатканын түшүндүрдү.
"Бирок экономикалык чөйрөдө улуттук валюта менен эсептешүүнүн ордун кеңейтүү үчүн дем берүүчү системаларды өнүктүрүп, каржы рынокторун түзүш керек", — деди адис.
Эксперт келечекте улуттук валюталар менен эсептешүүнүн агымы көбөйө турганын божомолдоду. Ошол эле учурда 10 жылдан кийин деле доллардан баш тартуу анчалык жеңил болбойт деген пикирин айтты. Чумаковский алтын куймаларына инвестиция кылууга кеңеш бербейт, себеби аны көпчүлүк учурда базар баасы менен сатуу кыйынга турат.
Шылуундарга кандай адамдар бат алданат. Эксперттин түшүндүрмөсү