БИШКЕК, 18-ноя.— Sputnik. Дүйнөдөгү ачарчылык зонасы бир нече жыл мурда 60 миллион адамга көбөйгөн. Ачкачылык көйгөйүн пандемия күчөтүп, аны менен күрөшүүнү ого бетер кыйындатты. Бул тууралуу РИА Новостиге БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба бөлүмүнүн (ФАО) Россия менен байланыш боюнча директору Олег Кобяков билдирген.
Адистин айтымында, азык-түлүк каатчылыгы Россиянын Украинадагы атайын операциясына чейин эле башталган.
"2020-жыл, пандемия башталганга чейин каатчылык мынчалык сезиле электе эле ачарчылык зонасы кеңейип, 10 миллион адамга жетип калган. Кийин 2013-жылдан 2019-жылга чейин бул сан 60 миллионго өскөн", — деген Кобяков.
Ал БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба бөлүмдөрү дал ушул маселени чечүү үчүн түзүлгөнүн айтып, бир катар ийгиликтерге жете алганына токтолгон.
"1945-жылы дүйнө жүзүндө 2,3 миллиарддай адам жашачу. Анын ичинен согушту эске алганда миллиарддай киши ачарчылык зонасында болчу. 2017-жылы Жер жүзүндөгү адамдын саны 7,5 миллиардга жетсе, ачка болгондор 680 миллионду түзгөн. Бул ар бир үчүнчү адам эмес, ар бир тогузунчу адам ачарчылык зонасында дегенди билдирет", — деген адис.
Кобяков ачарчылык менен күрөшүп жаткан учурда пандемия башталып, ал кырдаалды оорлоштуруп жибергенин белгилеген.