Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Демократтар криптобиржага салык акчадан миллиарддарды сарпташкан. АКШдагы чыр

Катта март айында Украина өкмөтү FTX менен биргеликте акча чогултуу сайтын ишке киргизгени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя.— Sputnik. Республикачы конгрессмендердин тобу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенден FTX криптавалюта биржасы аркылуу Демократиялык партия менен Украина өкмөтүнүн ортосундагы каржылык байланыш жөнүндө отчет берүүнү талап кылганын РИА Новости жазды.
"Украианадагы аскердик аракеттерге жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн миллиарддаган долларлары FTX криптовалюта биржасына инвестиция болгонун уктук. Бул биржа жакында эле өткөн шайлоодо демократтарга ири каражат бөлгөн", — деп жазылат конгрессмендердин катында.
Анда март айында Украина өкмөтү FTX менен биргеликте акча чогултуу сайтын ишке киргизгени да белгиленген. Конгрессмендердин айтымында, бул иш Жо Байден Киевге миллиарддаган доллар бөлүүнү убадалагандан кийин болгон.
Республикачылардын божомолунда, Украина өкмөтү каражаттын бир бөлүгүн FTX биржасына инвестиция кылып, кийин аны демократтардын бийликте калышына жардам берүү үчүн колдонмок. Мыйзам чыгаруучулар Блинкенден Мамлекеттик департамент бул боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан-жатпаганы боюнча отчет берүүнү талап кылышкан.
Ошондой эле алар "Киевге бөлүнгөн жардам боюнча Байдендин администрациясы текшерүү жүргүзүүгө ниеттенип жатабы?" деген суроо салышкан.
Шайлоо аралык шайлоонун жыйынтыгында республикачылар Өкүлдөр партиясынан көбүрөөк орун алышты. Ал эми демократтар Сенатты көзөмөлдөп калды. Республикачылар партиясынын мүчөлөрү буга чейин Байдендин Киевге көрсөткөн финансылык жардамын бир нече ирет сындашкан. Алар кокус шайлоодо жеңишке жете турган болсо, буга катуу көзөмөл кыларын убадалашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Financial Times: 2024-жылы АКШ үчүн Украина экинчи планга жылат