Радио

Жуматаева: багарынан ажыраган балдарга пенсияны 18 жашка чейин төлөө каралууда

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева аталган тармакта үзгүлтүксүз иш жүрүшү үчүн ар 3-5 жылда реформа жасалып туруусу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Учурда багар адамынан ажырап калган балдарга 16 жашка чейин эч кандай справка талап кылынбай пенсия төлөнүп келет. Азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ушул балдардын жашын 18ге чейин көтөрүүнү киргиздик. Мыйзам долбоору өтүп калса балдар мамлекет тарабынан 18ге чыкканча ата-энесинин каза болгондугуна байланыштуу пенсия алып турушат. Бул тууралуу Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунда бала студент болсо сырттан окуганына карабай 23 жашка чейин пенсиясын төлөп берүү да сунушталып жатат.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору учурда комитеттен өтүп, жалпы жыйынга чыгуу алдында турат. Анда багар-көрөрүнөн ажырагандыгына байланыштуу балдар алчу пенсияны 16 жаштан 18ге көтөрүүнү киргизгенбиз. Учурда бала 16га чыккан соң окуу жайга тапшырса гана справка алып келип, ошонун негизинде 23 жашка чейин узартылат. Анан да күндүзгү бөлүмдө окуган гана студенттерге төлөнөт. Биз учурда эч кандай справка талап кылбай эле 18 жашка чейин пенсия чегерип, андан соң күндүзгү бөлүмбү, сырттан окуйбу же чет мамлекетке билим алганы кеткенине карабай, "окуп жатат" деген справкасынын негизинде 23 жашка чыкканча пенсия төлөп турууну сунуштап жатабыз", — деди Жуматаева.
Ал мындай сунуштар ата-энесинен эрте ажырап калган балдардын билимге болгон умтулуусуна аз да болсо шарт түзөрүн кошумчалады.