Радио

Итибаев: туристтик маалыматтык борбор ачылды

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев сырттан келген конокторду маалымат менен камсыздоочу "Босого" аттуу туристтик-меймандостук борбор ачылганын билдирди.
Sputnik
Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү, 75 дарегинде жайгашкан "Босого" меймандостук-туристтик борбору ушул жылдын 1-ноябрынан тарта иштеп баштады. Бул тууралуу Кайрат Итибаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, аталган борбордун Сall-борбору 7000 кыска номери аркылуу кызмат көрсөтөт.
"Босого" меймандостук борборунан туристтер банктык, реэлтордук кызматтарды алып, туристтик пакеттерди сатып алып, туризмдин түрлөрү, маршруттары тууралуу билип жана башка бул жааттагы керектелген бардык маалыматтарга ээ боло алышат. Шаардын чок ортосунда жайгашкан бул борбор 1-ноябрдан тарта иштеп жатат. Биз туризм багытында кызмат көрсөткөн компанияларды, туристтик агенттиктерди жана бардык каалоочуларды иштешүүгө чакырабыз. Максатыбыз — өлкөнүн оң имиджин жаратуу жана туристтерди маалымат менен камсыздоо", — деди Итибаев.
Директор аталган борбордон кышкы туризм боюнча да маалымат алууга болорун кошумчалады.