Ташиев: ызы-чуу салабыз дегендердин тамырын мындан кийин да кыркабыз

Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин билдирип келген 24 саясатчы жана коомдук активист камалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өлкөдө ызы-чуу салабыз дегендердин тамырын кыркабыз. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте билдирди.
Депутат Адахан Мадумаров учурда оюн эркин билдиргендерге басым кылып, камап жатышканын белгилеген.
"Алар оюн эркин билдиргендер эмес, чагымчылар. "Мамлекетте дестабилдүүлүк жаратабыз, дагы ызы-чуу салабыз, бийликти алабыз" деп дал ушул бүгүн кабыл алынып жаткан мыйзамдын негизинде ызы-чуу чыгарууну көздөгөндөрдүн тамырын кыркып жатабыз. Мындан ары дагы кыркабыз. Мен УКМКны жетектеп турганда мамлекетте тополоң болтурбай тынчтыкты сактоого, стабилдүүлүктү кармап турууга милдеттүүмүн. Мен милдетимди так аткарам", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал мамлекетке мындан ары дагы бирөө бүлүк салгысы келсе кечиктирилгис чара көрө турганын эскертти. УКМК төрагасы мурда ушунун айынан төңкөрүштөр болуп келген деп эсептейт.
"Мамлекеттик кызматкерлер милдетин так аткарбай жүрүп үч жолу төңкөрүш болду. Бийлик күтүүсүздөн алмашты. Мындан ары бийликтин Конституциянын негизинде гана алмашуусуна шарт түзүп беребиз", — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин билдирип келген 24 саясатчы жана коомдук активист камалган.
Ташиев Мадумаровго: колуңузду түшүрүп сүйлөңүз, эмне кыларымды билесиз. Видео