Стамбулдагы теракт: кармалган аял ага кимдер кандай буйрук бергенин айтып берди

ЖМКлардын жазганына караганда, кармалган аял Сириянын жараны. Ал Күрдстан жумушчулар партиясы менен байланышта экендигин айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Стамбулдагы теракт жасаган Ахлам Албашир суракта Истиклал көчөсүндө жалгыз жүрбөгөндүгүн, анын артынан аңдышкандыгын жана улам жаңы буйруктарды алып тургандыгын айтып бергенин NTV жазды. NTV аялдын пландалган жерге барып, айтылган орундукка отурганын аталган партиянын өкүлү сүрөткө тартып алып, андан соң бомбаны жардырууга буйрук бергендигин кабарлады.
Эске салсак, 13-ноябрда саат 16:00дөн оой Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири Истиклалда жарылуу болуп, ал алты адамдын өмүрүн алган. Кырсыктан жабыркагандардын саны 80ден ашты. Окуядан көп өтпөй көчөгө бомба таштап кетиши мүмкүн деген аял кармалганы кабарланган.
Шектүү Күрдстан жумушчу партиясынын Сириядагы филиалы менен байланышы бар экенин моюндаган. Yeni Şafak гезити терактыны уюштурду деп шектелип жаткан сириялык Ахлам Альбашир америкалык аскерлер окуткан чалгын мектебинде билим алганын жазды.
Полиция теракт иши боюнча 46 кишини шектүү катары кармаган.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган терактынын уюштуруучулары жазасыз калбай тургандыгын айткан.
Стамбулдагы теракт: аялдын бомба салынган баштыкты көчөгө таштаган видеосу тарады