Кыргызстанда математика илимине кызыккан жаштардын саны өсүп, эл аралык аренада тааныла баштады. Бул тууралуу Алтай Бөрүбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, илим теориядан практикага өтүп, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салым кошушу абзел.
"Менин эки окуучум Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти. Гүлбадам Матиева Ош мамлекеттик университетинде иштейт. Ал КМШ өлкөлөрүнүн ичинен геометрия боюнча илимдин доктору болгон окумуштуулардын сап башында. Дагы бир Каниетов аттуу шакиртим Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты, профессор болду. Мындан тышкары, көп илим доктору, кандидаттары менин мектебимен чыгышты. Учурда илимдин өнүгүшүнө абдан салым кошуп, күчтүү муунду түзүп жатышат. Акыркы учурда математика илимине кызыккан жаштардын саны өсүп калды. Математиканын, геометриянын, физиканын тармактары боюнча илимий изилдөөлөрдү жасап жатышат",— деди Бөрүбаев.
Прфессор ошондой эле дүйнөлүк аренада кыргызстандык математик окумуштуулардын олуттуу орду бар экенин кошумчалады.