БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте маршруткалардын айдоочуларынан опузалап акча талап кылган системалуу коррупциялык схема аныкталып, 15 миң сом пара алып жаткан жеринен "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" мамлекеттик мекемесинин эксплуатация бөлүмүнүн башчысы М.К.Ж. кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган бөлүм башчы М.К.Ж. мыйзамсыз киреше алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, линиялык жүргүнчү ташуучу автобустардын айдоочуларынан акча өндүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталганын билдиришти.
"М.К.Ж. айдоочуларга дайыма психикалык кысым көрсөтүп, коркутуп, ошондой эле каттамдан четтетүү же жумуштан кетирүү менен опузалап, алардан акча талап кылып турган", — деп айтылган маалыматта.
15-ноябрда козголгон иштин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде М.К.Ж. кармалып, шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.