Кыргызстан элинин акчалай тапкан кирешеси 4,3%га көбөйдү

Бир адамдын колуна тийген акчасы бир айда орто эсеп менен 7 408,7 сом болору жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында кыргызстандыктардын реалдуу акчалай кирешеси 4,3 пайызга өстү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Тагыраак айтканда, алты айдагы керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 272,3 миллиард сомду түзгөн.
Ал эми өлкө жарандарынын колуна тийген акчасы бир айда орто эсеп менен 7 408,7 сом болору жазылган. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,2 пайызга көп.
Статком билдиргендей, элдин акчалай кирешесинин 68,9 пайызы эмгек акыдан, 14,3 пайызы социалдык трансферттерден (пенсия, жөлөк пул), 12,6 пайызы жеке көмөкчү чарбалардан жана 4,1 пайызы башка булактардан түшөт.
Өкмөт быйыл Кумтөрдөн канча киреше түшкөнүн айтты