Кыргызстанда жылына 10-12 миң ымыркай ара төрөлөт

Бүгүн — ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу ар жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда иш-чара уюштурулуп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жылына 10-12 миң бөбөк ара төрөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
17-ноябрь — ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу ар жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда иш-чара уюштурулуп, ага акыркы 10 жыл ичинде ара төрөлгөн балдар ата-энеси менен чакырылат.
"Ата-энелер мындай ымыркайларды чоңойтуу, багуу тажрыйбалары менен бөлүшсө, алдыңкы неонатологдор бул чөйрөдөгү жетишкендиктер тууралуу айтып беришет. Медицина өнүккөн сайын көпчүлүк мамлекетте ара төрөлгөн балдардын басымдуу бөлүгү жашап кетүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоо критерийлерине толугу менен 2004-жылы өткөн. Ага ылайык, кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин төрөлгөн ымыркайлар 500 граммдан ашык салмак менен каттоого алынат.
Баланын мите курт чакырган ооруга кабылганын кантип билсе болот? Белгилери