Билим берүү мекемелеринде китепканачылар менен кыргыз тилчилер тыгыз байланышта иштеши керек. Бул тууралуу Гүлнара Ибраимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тилчилерге, китепканачыларга мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө анализ жүргүзүү, баалоо талаптары коюлду.
"Кыргыз тилин бирге өнүктүрөлү" деп аталган кыргыз тил мугалимдеринин жана мектеп китепканачыларынын форуму өттү. Мамлекеттик тил күнүнө карата белгиленген бир айлыктын алкагындагы иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 200дөн ашык адам келди. Билим берүү тармагы чоң реформаларга муктаж болуп турат. Эми китепканачылар менен кыргыз тилчилер тыгыз байланышта иштеп, тилди өнүктүрүүдө тиешелүү талаптарды аткарышат. Окуучулар туура сүйлөөгө, оюн билдирүүгө, анализ чыгарууга умтулушу керек. Тилди функционалдуу колдоно билүүгө басым жасалат", — деди Ибраимова.
Ошондой эле адис кыргыз тилин илимде, маалыматтык технологияларда колдонуу маанилүүлүгүн түшүнүү керектигин кошумчалады.