Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Киев эпке келүүнүн ордуна абалды оорлоштурууга багыт алды

Нечаев Европа менен АКШнын кризисти жөнгө салуу үчүн дипломатияны колдонуунун зарылдыгы тууралуу айтыла баштаган эскертүүсүн Украина жокко чыгарып салганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Киев сүйлөшүүгө эмес, кырдаалды курчутууга багыт алгандай. Бул тууралуу РФ ТИМинин маалымат жана басма департаментинин жетекчисинин орун басары Иван Нечаев айтканын РИА Новости жазды.
"Украина жетекчилиги согуштук аракеттерди токтотуп сүйлөшүү зарылдыгы тууралуу унчуккан да жок. Бийликтин риторикасы катаалдашып бара жатат, абалды курчутууга ыктоодо", — деди Нечаев брифингде.
Анын айтымында, Владимир Зеленский G20 саммитинин жүрүшүндө "кыялындагы" тизмени келтирип, сүйлөшүү тууралуу сунуштарды укмаксан-көрмөксөн болуп койду. Бирок ошону менен бирге эле "Киев аягына чейин согушарын таасын көрсөттү".
Нечаев Европа менен АКШнын кризисти жөнгө салуу үчүн дипломатияны колдонуунун зарылдыгы тууралуу айтыла баштаган эскертүүсүн Украина жокко чыгарып салганын белгиледи. ТИМ өкүлүнүн айтымында, муну Киевге ЦРУ жетекчиси Уильям Бернстин келип кетиши айгинелеп турат.
Байден Зеленскийдин Польшадагы ракета чатагы боюнча айтканына ишенген жок