Ташиевдин айынан эки депутат мушташып кете жаздады. Видео

Жыйында Ташиев менен Бакиров кайым айтышып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя.— Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаилов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге болушуп, кесиптеши Өмүрбек Бакиров менен мушташып кете жаздады.
Жыйында Бакиров менен Ташиев кайым айтышып жаткан. Ошол учурда Исмаилов ортого түшүп Бакировго сүйлөгөн. Андан соң Бакиров "сага эмне болду" деп жинденип чыкты. Анан ал дагы ордунан жулкунуп чыкты эле, экөөнү кесиптештери кармап калды. Бирок ага карабай эки депутат бир мүнөткө чукул бири-бирине тап берип жатты. Акыры кесиптештери экөөсүн эки жакка ажыратып кетишти.
Ташиев Мадумаровго: колуңузду түшүрүп сүйлөңүз, эмне кыларымды билесиз. Видео