Эркектердин тукум улоо мүмкүнчүлүгү басаңдап баратат. Изилдөө

Илимдин өкүлдөрү эркектердин ден соолугунун мындан ары начарлашына жол бербөө үчүн азыртан чара көрүү керектигин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Акыркы 40 жыл ичинде эркектердин бел суусундагы сперматозоиддердин концентрациясы эки эсе төмөндөгөн жана бул тендеция азыр да сакталууда. Окумуштуулардын мындай изилдөөсү Human Reproduction Update журналына жарыяланды.
Макалада жазылгандай, Израиль, Дания, Бразилия, Испания жана АКШнын илимпоздору эркектин бел суусунда сперматозоиддердин концентрациясы боюнча мурдагы маалыматтарды жаңыртуу үчүн метаанализ жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында орточо көрсөткүч 45 жылдын ичинде 51,6 пайызга түшүп кеткен. Мындан улам илимдин өкүлдөрү эркектердин ден соолугунун мындан ары начарлашына жол бербөө үчүн азыртан чара көрүү керектигин белгилешүүдө.
"Мындай изилдөө бир нече мамлекетте көп жылдан бери жүргүзүлүп келет. Окумуштуулар ата болгондордун, жаш эркектердин да бул суусунун үлгүсүн изилдешкен. Жыйынтыгында сперматозоиддердин концентрациясы жыл сайын төмөндөп жатканы аныкталган", — деп жазылат макалада.
Эгер бул көрүнүш ушул темп менен кете берсе, жакынкы он жылдыкта эркектер тукум улоо жөндөмдүүлүгүн жоготушу мүмкүн экени кошумчаланды.
Жаш өтүп калганда көйгөйсүз бойго бүтүрүү үчүн кеңеш