Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкинин жанынан америкалык ракетанын кыймылдаткычы табылды. Видео

Маркаланган белгиге караганда, ракета 1991-жылы жасалып, анын 25 жылдык кепилдик мөөнөтү өтүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Локацияга каршы тез учкан америкалык AGM-88 HARM ракетасынын мөөнөтү өтүп кеткен кыймылдаткычын жергиликтүү жашоочулар Донецкинин жанынан таап алышкан. Бул туурасында РИА Новости билдирип, анын видеосун Telegram-каналга жүктөдү.
Андагы маркаланган белгиге караганда, ракета 1991-жылы жасалып, 25 жылдык кепилдик мөөнөтү өтүп кеткен. Кыязы, ракета бутаны талкалаганга да, андан сырткары, өзүн жок кылганга да жетишпей калган.
Буга чейин ДЭРдин аймагынан, Донецкинин өзүндө да Украинанын учактарында жаңы эмес жарым-жартылай жасалма ыкма менен ракеталар орнотулган учурлар кездешкен. Ал көп учурда иштебей калып, кесепетинен жай жашоочулар жабырланган окуялар болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жаңы Каховкадагы соккунун кесепети: аткылоодон ымыркай жапа чекти