Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Зеленскийден тажаганы көрүнүп турат

ЖМКлар Балиде өткөн "Чоң жыйырмалыктын" саммитин талкуулап, анда дүйнө Зеленскийдин сөзүнөн эч нерсе түшүнбөгөнүн белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украина президенти Владимир Зеленскийден тажаганы көрүнүп эле турат. Бул тууралуу Түркиянын dikGAZETE басылмасы жазган.
ЖМКлар Балиде өткөн "Чоң жыйырмалыктын" саммитин талкуулап, анда дүйнө Зеленскийдин сөзүнөн эч нерсе түшүнбөгөнүн белгилешкен.
"Батыш мамлекеттери Зеленскийден тажаганы көрүнүп эле турат", — деп жазылат макалада.
Автор Россия боюнча да кеп козгоп, ТИМ башчысы Сергей Лавров саммитте ким менен жолугушуу керектиги боюнча туура чечим кабыл алганын белгилеген. Анда ТИМ башчысы союздаш өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эң оболу Кытай менен сүйлөшүү жүргүзгөн.
"Батыштын Россияны бир топ маанилүү уюмдардан оолактатуу аракетине карабай, Лавров бул мамлекеттердин толук колдоосуна ээ боло алды", — деп айтылат маалыматта.
dikGAZATE Владимир Путин саммитке катышпаса дагы Батыш өлкөлөрүнүн лидерлерин санаага салганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Зеленскийдин G20 саммитинде сүйлөгөн сөзүндө русофобия турат