18-ноябрга карата аба ырайы

18-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас жана Чүйдө +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +6...+11, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +4...+9 градус жылуу болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +8...+10, ордолуу Ош шаарында +9...+11 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Мэрия Бишкекте кар тазалоого канча техника, канча жумушчу тартыларын айтты