Пресс-борбор

Туризм департаменти: Жыргалаңда заманбап лыжа базасы курулат

Кенжематова Жыргалаңдын жолун оңдоо үчүн депарматент Дүйнөлүк банк менен иштешип жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жыргалаң өрөөнүнө заманбап лыжа тебүү комплексин салуу пландалып жатканын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
Анын айтымында, бул жер кышкы эс алууга абдан ылайыктуу.
"Ак-Суу районундагы Жыргалаңда кышкы турсезон беш айга чейин созулат. Анткени ал жакка кар калың түшөт. Алдын ала жүргүзүлгөн анализ боюнча, мындай комплексти мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн негизинде салса болот", — деди Кенжематова.
Ал Жыргалаңдын жолун оңдоо үчүн департамент Дүйнөлүк банк менен иштешип жатканын белгиледи. Кенжематованын айтымында, бир топ чет элдик туристтер азыртан эле аталган жерге фрирайдинг (трассадан сырткары лыжа тебүү) үчүн келүүдө.
Пресс-борбор
Эки жылда Көлдүн айланасына туристтер үчүн кеминде беш борбор салынат