Президент Жапаров эртең Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Жыйын түз алып көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 17-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин сессиясына катыша турганын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Эртең парламентте министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант берет. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы тууралуу маселе карала турганы айтылды.
Жыйын саат 10:00дө башталат. Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардан, ошондой эле социалдык тармактагы баракчалардан көрсөтүлөт.
Кыргызстан Өзбекстандан 15 572 гектар жер алып жатат. Каяктан кандай багытта?