Пресс-борбор

Быйыл турсектордон өлкө казынасына канча акча түшкөнү айтылды

Быйыл туризм сектору үчүн жыл жемиштүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде ушул жылдын тогуз айында туристтик ишмердүүлүктөн канча каражат түшкөнүн айтты.
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Алдын ала маалымат боюнча, туристтик ишмердүүлүк, мейманкана жана ресторандардан чогултулган салыктан өлкө казынасына 643 миллион 740 сом түшкөн. Былтыр бул көрсөткүч 587 миллион 612 миң сомго жеткен", — деди Кенжематова.
Буга чейин ал быйыл туризм сектору үчүн жыл жемиштүү болгонун айтып, өлкөгө эс алуу үчүн беш миллиондой турист келгенин белгилеген.
Пресс-борбор
Эки жылда Көлдүн айланасына туристтер үчүн кеминде беш борбор салынат